Кыргызстанда спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү керекпи?

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев зыяндуу продукциялардын, анын ичинде алкоголдук ичимдиктердин жана тамекилердин сатылып жаткан сааттарына чек коюу керек деп эсептейт.
«Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө түнкү саат 22:00дөн кийин жана эртең мененкиге чейин спирт ичимдиктерин сатууга катуу чектөөлөр бар. Саат 9:00 же 10:00гө чейин дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин таппайсыз, ресторандарда кымбат баада. Ошондой эле тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди сатып ала турган жерлердин санын кыскартышыбыз керек», — деди чиновник. Белгилей кетсек, Кыргызстандын айрым дүкөндөрүндө алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары сатылбай калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *