“Таза суу” ишканасы 2019-жылы подрядчы компания менен 349,7 миң еврого келишим түзгөн. Документ боюнча 6 миң суу эсептегич орнотулушу керек болчу.
УКМКнын маалыматына караганда, орнотулган эсептегичтердин көбү иштебейт, ал эми 580 үйдө такыр эле эсептегич жок болуп чыккан. Мунун айынан тургундар керектөө боюнча эмес, үйдөгү адамдардын санына карап төлөп келишкен.
Мамлекетке келтирилген зыян 23 миллион сомду түзгөн, подрядчы компания кымырып алган акчаны ордуна койгон.


