2025-жылдын 26-ноябрында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардын табигый очокторунда иштөө үчүн арналган мобилдик ПЦР/ИФА лабораториясы жана пневмокаркастык лабораторияны тапшыруу аземи өттү. Бул туралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жабдуулар Кыргызстан менен Россия Федерациясынын көп жылдан берки кызматташтыгынын алкагында Россия тараптан берилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана Россия Федерациясынын Роспотребнадзор кызматынын жетекчиси Анна Попова катышты.

Берилген лабораториялар Кыргызстанда бир нече жылдан бери ийгиликтүү иштеп жаткан мурдагы беш мобилдик комплексти толуктайт. Жаңы лабораториялар зарыл жабдуулар менен толук камсыздалып, жетүүгө эң кыйын аймактарда ыкчам диагностика жүргүзүүгө жана эпидкөзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Автошасси негизиндеги талаа мобилдик комплекси жол инфраструктурасы бар шартта алыскы аймактарга жетүүнү камсыздайт, ал эми пневмокаркас лабораториясы бир нече сааттын ичинде жайылып, өзгөчө кооптуу патогендер менен иштөө үчүн керектүү биологиялык коргоонун толук деңгээлин камсыздайт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *