Соңку маалымат боюнча шайлоочулардын 36,9%ы добуш берген.
Жалпысынан 4,3 миллион кыргызстандыктын шайлоо укугу бар болчу. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда саат 20:00дө аяктады. Бардык шайлоо тилкелери ишин жыйынтыктады.
 Автоматташтырылган урналар аркылуу алынган маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына түшө баштады.
БШК билдиргендей, саат 19:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 34,31 пайызды түздү, тагыраагы, 1 млн 473 миң 264 адам добуш берди.
Мыйзам бузуулар боюнча 79 кайрылуу келип түштү. Бардык кайрылуулар укук коргоо органдары тарабынан каралып чыгып, чечим кабыл алынат.
БШК эч кандай техникалык мүчүлүктүк болбогонун билдирди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *