Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча чет өлкөлөрдө добуш берүү аяктады.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 1-декабрда билдирди.
34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогу иштеди. Сааттык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктардан улам добуш берүү ар кандай убакытта аяктады.
Бишкек убактысы боюнча 1-декабрда саат 10:00гө карата бардык шайлоо тилкелери жабылды.
Акыркылардан болуп АКШнын Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларында, эң соңунда Сан-Франциско шаарындагы тилкеси эшигин жапты.
Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан кыргызстандыктардын жалпы саны 26066 адамды түздү.
2021-жылдагы парламенттик шайлоодо 9826 жаран добуш берген.

