Орусия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди

Орусия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Тиешелүү буйрукка Орусиянын президенти Владимир Путин 1-декабрда кол койду.

Бул документ келерки жылдын 14-сентябрына чейин иштейт. Ага ылайык, турист катары же маданий, илимий, саясий, экономикалык, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген кытай жарандары Орусияда 30 күн визасыз жүрө алат.

Орусия аркылуу башка өлкөлөргө өткөн кытайлыктарга да визанын кереги жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *