Аманкан Кенжебаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кенжебаев Жогорку Кеңештин депутаты жетинчи чакырылышынын депутаты, буга чейин Сокулук районунун акими болуп иштеген. Ал кезексиз парламенттик шайлоого N19 округдан талапкер катары катышкан.

Буга чейин Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген. Ал Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *