Ташиев ЦУМдун жанындагы жолду тарыткан курулуштарды бузууну буйруду.

Бүгүн, 8-декабрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен жеринен таанышты.

Буга чейин социалдык тармактарда, борбор калаанын Чүй проспектисиндеги Борбордук универмаг жана шаардык универмаг магазиндерин бойлой курулуп жаткан соода түйүндөр жана унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн.

Мындан улам, УКМК төрагасы түзүлгөн кырдаал боюнча жеринен таанышып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен жокко чыгарып, шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин тез аранын ичинде өз калыбына келтирип, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине, жана тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *