Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алды. Ага ылайык, аталган округдан жеңүүчү катары Жанар Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбекова таанылды.

Буга чейинки аймактык шайлоо комиссиясынын чечими жактырылып, бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыкты делген Жылдызкан Жолдошеванын кайрылуусу канааттандырылган жок.

Бул күнү БШК талаштуу №9 округ боюнча да шайлоо жыйынтыгын бекитти. Бул округдан буга чейин гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *