Бүгүн Ош шаарынын А. Навои көчөсүнүн оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгү (Алымбек датка көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин) пайдаланууга берилди.
Жолду мэр Жеңишбек Токторбаев аксакалдар, жашоочулар менен чогуу ачып берди. Аталган жол унаа кыймылы үчүн кеңейтилип, бардык нормаларга ылайыкталып жасалды.
Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана ирригациялык лотоктор курулду. Жол оңдоо иштери жергиликтүү бюжеттин эсебинен жүргүзүлдү.



