Париждеги Лувр музейинин Египет бөлүмүндөгү түтүктөрдүн жарылгандыгынан улам болжол менен 400дөй китеп суу астында калган.Le Figaro жазгандай, музей кызматкерлери желдетүү жана жылытуу системасындагы мүчүлүштүктөрдү мурун эле билишкен, бирок оңдоо иштерин 2026-жылдын сентябрына пландаштырган.

Музей администрациясы сууда калган китептер маданий мурастын объектисине кирбестигин билдирет.Зыяны тийген материалдар — XIX кылымдын аягынан XX кылымдын башына чейинки «египтологиялык журналдар» жана музей кызматкерлери, египтологдор жана студенттер колдонгон «илимий документтер» экени маалым болду.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *