Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу менен жаңы Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарына барды.
Мэр рейддин жүрүшүндө базарлардагы курулуш иштерин жеринен көрүп чыгып, кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле Б.Осмонов көчөсүндөгү эски аэропорттун ордуна курулган бир канча курулуштарды текшерүү боюнча тапшырма берди. Алардын катарына “Элдорадо” рестораны, “Мегаполис” соода борбору жана башка соода жайлары бар.
Рейддин соңунда Келечек базарын көчүрүү маселеси талкууланып, соодагерлерди кыштын ызгаарында кыйнабоо максатында көчүрүү мөөнөтүн 1-мартка жылдыруу чечими кабыл алынды.

