Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиева күтүүсүздөн каза болду. Ал 77 жашта болчу. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакындары Kaktus.media сайтына тастыкташкан.
Маалыматка ылайык, Мая Алиева Бишкекте каза болгон. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-декабрда Чолпон-Ата шаарында, тууганынын үйүндө болот.

