Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, элчилик Каир шаарында болуп, анда беш киши эмгектенмекчи.
“Элчиликтин ачылышы Египетте жана Түндүк Африка өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын кыргызстандыкка консулдук кызмат көрсөтүүнү жакшыртат”, — деп айтылат документте.
Жарлык 1-январдан тартып күчүнө кирет. Бул континенттеги экинчи дипломатиялык өкүлчүлүк, ал эми биринчиси Эфиопияда ачылган.

