2025-жылдын 50-жумасында (8–14-декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 37 629 учуру катталды. 49-жумага салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7%га азайганы байкалууда. Бул туралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Ооругандардын жалпы санынын 72,2%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. 15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси инкубациялык мезгилге жабылды. Аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда

