17-19-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда көчкү түшүп, күрткү жаралып, жолдор тайгак болорун ӨКМ эскертти. Көчкү төмөнкү жерлерде кооптуулук жаратууда:
Бишкек – Ош жолунун 121-138 чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы)
Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 68-74, 86-101 чакырымы (Чапчыма ашуусу)
Красная Горка – Ак-Таш жолунун 0-3 чакырымы
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 65-110 чакырымы
Каракол – Эңилчек жолунун 45-90 чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу)
Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад жолунун 326-349 чакырымы (Көк-Арт ашуусу)

