«Президенттик администрацияга балдарды президенттин жаңы жылдык кечесинин катышуучуларынын тизмесине кошуу боюнча көптөгөн жеке өтүнүчтөр келип түшүүдө»,-деп билдирди администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков.

Анын айтымында, мурда президенттин жаңы жылдык кечесине чиновниктердин жана мамлекеттик кызматкерлердин туугандарынын жана досторунун балдары көп катышчу.

“Президенттик балатыга учурунда жалаң эле чиновниктердин же кызматтагылардын туугандары, тааныштарынын балдары катышчу экен. Муну байкаган Президентибиз Садыр Жапаров, эки жылдан бери катышуучулардын тизмесин түзүүнү көзөмөл кылгыла деп тапшырма берген. Ошондон бери, президенттик балатыга спорттук ийгиликтери бар, жакшы окуган, алыскы аймактардан, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же өзгөчө айырмаланган активдүү балдардан тандалып жатат”-деген ал.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *