Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты Москва шаарында гастролдук иш сапарда болуп, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган этно-мюзиклди тартуулады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
2025-жылдын 14-декабрында “Кылым карытар бир күн” романындагы “Раймалы менен Бегимай” уламышынын негизинде сахналаштырылган этно-мюзикл “Москва” концерттик залында көрсөтүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгынын алкагында өттү.

Маданий кечеге Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов куттуктоо сөздөрүн айтып, эки элдин достук байланышын бекемдеген маданий иш-чаралардын уланышына каалоо-тилектерин билдиришти.
Расмий бөлүктө Ч. Айтматов атындагы фонддун президенти Элдар Айтматов Улуттук филармониянын башкы директору, КР эл артисти Кыргызбай Осмоновго “Чыңгыз Айтматов” медалын, ал эми башкы режиссер Уматбек Кадыровго “Ыраазычылык катын” тапшырды.Этно-мюзикл Москва шаарынын көрүүчүлөрү жана мекендештерибиз тарабынан жылуу кабыл алынды.
Кыргызстандын Россиядагы элчиси спектакль кыргыз элинин маданий жана руханий мурасын сактоого жана жайылтууга багытталганын белгилеген.


