Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салды. Санитардык полигондун аймагына куруу пландалып жаткан таштандыларды кайра иштетүүчү завод суткасына 850 тоннага жакын таштанды утилизация кылат. Заводдун аймагында таштандыларды өрттөөчү приборлор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жай, спорттук имараттар…

