7 министр жана УКМКнын төрагасы ант берди

Парламенттин бүгүнкү жыйынына президент Садыр Жапаров да катышып жатат. Ант бергендер: ▪️Эрлис Акунбеков – Айыл чарба министри ▪️Канат Сагынбаев – Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри ▪️Гүлзат Исаматова – Илим, жогорку билим жана инновация министри ▪️Талантбек Солтобаев – Транспорт жана коммуникация министри ▪️Акыл Токтобаев – Экология министри ▪️Дамирбек Осмонов – Саламаттыкты сактоо министри ▪️Канатбек Чыныбаев…

Кененирээк

Садыр Жапаров: «Бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат»

Садыр Жапаров бүгүн парламентке келип, буга чейин “айрым депутаттар бөлүп-жарууга аракет кылганын, аракет убагында токтотулганын” айтты. “Элден шайланып келген өкүлдөр ошентип отурса, карапайым эл кайда барат деген ой келди… Мындан ары бөлүнүп-жарылууга барбайлы, бул мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат”, — деди Жапаров. Ал ошондой эле бөлүнүүнү жок кылуу үчүн соңку 5 жылда мамлекеттик кызматкерлер ротацияланып келгенин белгиледи….

Кененирээк

Жогорку Кеңеште дагы бир депутаттык топтун аталышы өзгөртүлдү

«Адилет Кыргызстан» депутаттык тобу «Ишеним» болуп өзгөргөнүн топтун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев бүгүнкү жыйында билдирди. Аталган топтун 14 мүчөсү бар. Буга чейин «Мекенчил» депутаттык тобунун аты «Ынтымак – Мекенчил» деп, ал эми «Ата-Журт» депутаттык тобунун аталышы «Эл үмүтү — Ата Журт» болуп өзгөртүлгөн. Парламентте беш депутаттык топ бар.

Кененирээк

Кыргызстандагы тоннелдерден өтүүдөгү төлөмдүн суммасы бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги жол тоннелдери аркылуу өтүү үчүн төлөм киргизди. Тийиштүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Төлөмдөр тоннелдерди кармоо, тейлөө жана коопсуз пайдалануу үчүн жумшалат. Ал Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу боюнча жайгашкан тоннелдерге тиешелүү. Негизги түштүк трассасындагы тарифтер: жеңил автоунаа — 50 сом микроавтобус жана жеңил жүк…

Кененирээк

БШК мүчөлөрүн кыскартуудан бюджеттен 2 млн сом сарамжалданат

Бул тууралуу ЖКнын комитет жыйынында белгилүү болду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылы бир мүчөгө 585 миң сом кеткенин айтты. Натыйжада БШК мүчөлөрү 12ден 7ге чейин кыскарса бюджеттен 2 млн сомдон ашык каражат сарамжалданары айтылды. Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мыйзам долбоорун колдоп беришти.

Кененирээк

Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана тузу көп азыктарга акцизди жогорулатуу сунушталды

Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана тузу көп азыктарга акцизди көбөйтүү маселеси талкууланууда. Бул демилге Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган жыйында мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык уюмдардын (ДССУ, ЮНИСЕФ) өкүлдөрү менен каралды. Таттуу суусундуктар боюнча акцизди канттын көлөмүнө жараша коюу сунушталууда (азыр — 1 литрге 3 сом): -100 млде 5 г чейин — 5 сом/литр -5–8 г…

Кененирээк

Соцфонд «Түндүк» тиркемесинде пенсиялык топтомдун суммасы азайып көрүнүшү боюнча түшүндүрмө берди

Маалыматка караганда, кээде сумма азайып көрүнүшү ишканалар берген тактоочу эсептерге байланыштуу болот. Алгач бухгалтерия бир сумма менен отчет тапшырып, кийин ката кеткендиктен оңдолгон отчет берсе, система жарандардын жеке эсебиндеги маалыматты автоматтык түрдө жаңыртат. Соцфонд белгилегендей, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн маалыматтары алгач Салык кызматына келип, андан кийин гана жарандардын жеке эсептерине чегерилет. Ошондой эле Соцфонд документтик негиз болмоюнча…

Кененирээк

Ашууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат

Транспорт министрлиги Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргенин билдирди. Жеңил транспортко бардык ашууларда жол ачык. Мекеме жол тейлɵɵ ишканалары түндө жааган карды, бороон айдап салган күрткүнү тазалап, жолго кум, туз себилип жатканын айтты. Айдоочуларды аралыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, керектүү шаймандарды кошо ала жүрүүнү эскертти.

Кененирээк

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизилди

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынды. Чектөө 6 айга киргизилип, төмөнкү мал түрлөрүнө тиешелүү: -ири мүйүздүү мал, -жылкылар, -кой жана эчки.

Кененирээк