Футбол боюнча Азия кубогу (U-23): Кыргызстандын курамасы сапарын жыйынтыктады

Мелдештин тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу туру Сауд Арабиянын Жидда шаарында 13-январга караган түнү болду. Анда Кыргызстан жана Иорданиянын жаштар курамалары беттешип 1-0 эсебинде атаандаштын жеңиши менен аяктады. Буга чейин биздин курама Сауд Арабияга каршы 0-1, Вьетнамга каршы 1-2 эсебинде жеңилүү ызаасын тарткан. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Азия кубогуна алгачкы ирет катышты.

Кененирээк

Ошто “Керме-Тоо” мектеби толугу менен жаңыланды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн кичи районундагы “Керме-Тоо” орто мектебиндеги балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышып чыкты. Бул имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп, толугу менен жаңылганган. Мектепти оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Ага имараттын сырткы фасады, терезе жана эшиктери алмаштырылды. Ошондой эле окуучулардын дени сак жашоо образы үчүн эскилиги жеткен спорт аянтчалары…

Кененирээк

Кыргызстан 2026-жылы россиялыктар үчүн эс алуу эң арзан болгон өлкөгө кирди

Кыргызстан 2026-жылы россиялыктар үчүн эс алуу эң арзан болгон чет өлкөлүк багыттардын тизмесине кирди. Аналитиктердин эсептөөсү боюнча, биздин өлкөдө эки адам үчүн бир жумалык эс алуу 105 миң рублду түзөт. Мындан арзаныраак эс алуу Беларусияда — 80 миң рубль жана Өзбекстанда — 93 миң рубль болот. Кыргызстан бул рейтингде үчүнчү орунду ээледи. Тизмеге ошондой эле…

Кененирээк

Улуу Британия Украина үчүн Москвага жете ала турган баллистикалык ракета иштеп чыгат

Улуу Британия Украина үчүн Nightfall аттуу жаңы баллистикалык ракета долбоорун баштоону чечти. Бул ракеталардын учуу аралыгы 500 чакырымга чейин, ал эми согуштук бөлүгү 200 кг болот. Маалыматты Улуу Британиянын Коргоо министрлиги тастыктады. Долбоордун алкагында өкмөт үч топко конкурс жарыялады. Ар бирине 9 млн фунт стерлингден бөлүнүп, 12 айдын ичинде алгачкы үлгүлөрдү жасап, сыноо учурууларын өткөрүү…

Кененирээк

Ак-Талаа районунда катуу суукка байланыштуу окуучулар аралыктан окууга өткөрүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда катуу суукка байланыштуу окуучулар аралыктан окууга өткөрүлдү. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, катуу суукка байланыштуу окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы билим берүү мекемелеринде окуу процесси убактылуу аралыктан уюштурулат. Мындай чечим 11-январда акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жетектеген ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган. Ошол эле учурда райондогу бала бакчалар…

Кененирээк

«Барселона» клубу «Реал Мадридди» утуп, 16-ирет Супер кубокко ээ болду

«Барселона» клубу Испаниянын Супер кубогун экинчи жолу катары менен жеңип алды.Турнир 8-12-январь аралыгында Сауд Арабияда өтүп, ага төрт клуб катышты. 12-январга караган түнү Жидда шаарында «Барселона» менен «Реал Мадриддин» финалдык оюну өттү. Анда “Барселона” 3:2 эсебинде жеңишке жетип, тарыхында 16-ирет Супер кубокту утуп алды. Голдор: Рафинья, 36-мүнөттө(1:0), Винисиус, 45+2 (1:1), Роберт Левандовски, 45+4 (2:1), Гонсало…

Кененирээк

Кийинки жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен каржы берүү токтойт

Кийинки жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен каржы берүү токтойт. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди. Президент быйыл МИКке акыркы жолу бюджеттен 500 млн доллар берилерин айтты. Анын айтымында, компания мындан ары өзүн-өзү каржылоого өтөт. Азыр компаниянын капиталы — 87 млрд сом. Мамлекет башчы ипотекалык батирлер 4-8% менен берилип жатканын айтып, бул өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинен да…

Кененирээк

Кыргызстанда кинопавильон жана Dolby Atmos студиясы ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда кинопавильон жана заманбап Dolby Atmos үн жаздыруу студиясын куруу пландалууда. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, азыр прокаттык күбөлүктөрдүн дээрлик 70 пайызы жергиликтүү кинопродюсерлерге таандык. Кыргыз киносунун көрүүчүлөр арасында суроо-талабы өсүп, эл кинотеатрларга активдүү бара баштады. Өлкө жетекчилиги кинопавильон куруу демилгесин колдоду. Мындан тышкары, Минкультуры Dolby…

Кененирээк

«BELES» ата мекендик автобустарды чыгаруу долбоору убактылуу токтотулду

Кыргызстанда ата мекендик автобустарды чыгарууну көздөгөн «BELES» долбоору убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ОсОО Белес.kg компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Урмат Дүйшеев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу процессинде эл аралык стандарттарга шайкештик, техникалык талаптар, өндүрүштү терең модернизациялоо жана толук сервистик циклдин жоктугу сыяктуу олуттуу маселелер аныкталган. Бул кемчиликтерди жоюу үчүн кошумча ири инвестициялар талап кылынары белгилүү болуп,…

Кененирээк

Кыргызстанда калктын саны он айда 103,4 миң адамга өстү

Кыргызстанда элдин саны он айда 103,4 миң адамга өстү. Бул тууралуу Статком маалымдады. Өткөн жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда калктын саны 7 млн 385 миңге жеткен. Аймактар арасында калктын эң чоң абсолюттук өсүшү Бишкек шаарында катталып, калк 31,7 миң адамга көбөйгөн. Экинчи орунда Ош облусу туруп, 17,3 миң адамга арбыган. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад жана Ысык-Көл…

Кененирээк