Кыргызстанда жеңил автоунааларды сатууда 2029-жылга чейин салыктык жеңилдиктер киргизилди
Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенин билдирди: жеңил автоунааларды (ТЭИ ТН 8703) сатууда жеңилдиктер 2029-жылдын 1-январына чейин колдонулат. Жеке жактар авто сатканда бир катар салыктардан толук бошотулат. Эми мындай салыктар алынбайт: -унаа сатуудан түшкөн кирешеге киреше салыгы; -транспорт сатууда КНС жана сатуудан алынуучу салык; -бул операциялардан түшкөн кирешеге пайда салыгы. Мындан тышкары,…


