Бишкекте унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ бир доону менен жана штаб тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен…

Кененирээк

Кыргызстанда халал продукциясын өндүрүүдөгү эреже бузуулар үчүн айып пул киргизилет

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жактырды. Мыйзам долбоору халал индустриясын жөнгө салууга жана сертификаттоо жол-жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчиликти киргизүүгө багытталган. Буга «Риха» компаниясына байланышкан окуя себеп болгон: «адал» белгиси бар продукциядан чочконун ДНКсы табылып, лицензиясы кайтарылып алынган. Текшерүүдө өндүрүүчү аккредитациялоо талаптарын бузганы аныкталган. Жаңы ченемдер…

Кененирээк

Чоң-Алайда «АгроЗооВет–2026» окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү

2026-жылдын 19-январында Чоң-Алай районунун Дароот Коргон айылында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган АгроЗооВет–2026 окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — дыйкан-фермерлердин жана айыл чарба адистеринин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана тармактагы актуалдуу маселелер боюнча маалымат берүү. Семинарга райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, министрликтин…

Кененирээк

Ташиев бардык күрөөканалардын ишин текшерүүнү тапшырды

Кыргызстанда бардык күрөөканалардын иши текшерилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтөөнүн алкагында жабырлануучулар менен жолугушууда билдирди. Ошондой эле Ташиев пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырып, жогоруда сөз болгон кылмыш ишин тергөөнү өзү…

Кененирээк

Кыргызстанда 5,5 миңден ашык бош жумуш орду бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда азыр 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук 1,3%ды түзөт, иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турат, алардын 38,1 миңи жумушсуз макамын алган. Бош орундардын негизги бөлүгү жумушчу кесиптерге туура келет (4 251 орун). Эң көп талап кылынгандар: тигүүчүлөр — 1 850 орун;…

Кененирээк

Бишкек менен «Манас» аэропортун байланыштырган жаңы жол курулат

Трасса Махатма Ганди жана түндүк айланма жолу кесилишкен жерден башталып, Озерное менен Мраморное айылдарынан өтөт дагы Полевое, Виноградное айылдарына чейин жетет. Мындан тышкары, түндүк айланма жолунда Махатма Гандиден Дэн Сяопинге кошула турган жерине чейин алты эки деңгээлдүү көпүрө салынары көрсөтүлгөн. «Манас» эл аралык аэропортуна бара турган альтернативдүү жол Жаш Гвардия бульварынын уландысы болуп, түндүк айланма…

Кененирээк

Кыргызстанда кайсы тармактарда эң көп айлык алышат?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги экономика тармактары боюнча орточо эмгек акынын өлчөмүн билдирди. Мекеме Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып, эң жогорку орточо айлык акы финансы секторунда — 67 121 сом экенин белгиледи. Өнөр жай тармагындагы көрсөткүчтөр да дээрлик ушул деңгээлде — орточо эмгек акы 66 990 сомду түзөт. Транспорт тармагында кызматкерлер орточо эсеп менен…

Кененирээк

Кыргызстанда кытай капиталы бар жаңы банк пайда болот

КР Улуттук банкы «Алма Финанс Банк» ЖАКына лицензия берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучунун басма сөз кызматы маалымдады. Жаңы банк улуттук жана чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды жүргүзүү укугуна ээ болду. «Алма Финанс Банк» 2025-жылдын 30-июлунда Юстиция министрлигинде расмий каттоодон өткөн. Уюштуруучу документтерге ылайык, банк чет элдик капиталды тартуу менен түзүлгөн.— уюштуруучулар…

Кененирээк

«Манас» аэропортунда коюу туманга байланыштуу 4 каттам токтотулду

«Манас» эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу учуп-конуу тилкесинде көрүү 400-800 метрге чейин чектелди. Төрт рейс токтотулганын аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Учуулар кадимки режимде ишке ашырып жатат. Бирок эки түрк авиакомпаниясы: Pegasus жана Turkish Airlines каттамдарын токтотту. Атамекендик Tez Jet эч кандай түшүндүрмөсүз эле “Манас” аэропортуна эки каттамды токтотту.

Кененирээк

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу өнөктүгүнүн убактысы узартылды

“Унаа” мекемесинин жетекчисинин орун басары Толубай Жакишев 15-февралга чейин белгиленген чек алынганын билдирди. Ошондой эле ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 083 формадагы медициналык маалым кат мындан ары талап кылынбай турганын эскертти. Эске салсак, буга чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу 15-февральга чейин белгиленген болчу. Ал эми аны алмаштыруу үчүн 083 формадагы медициналык маалым кат алуу…

Кененирээк