Эмки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн «Ынтымак Ордодо» Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолукканда билдирди.
«Ошондой эле «карусель» деген да сөз бар эле. Адамдарды бир участоктон бирине ташып, добуш салдырышкан. Азыр ушундай коррупциялык көрүнүштөр жок кылынды. Кайталап добуш берем десе, кайсы участокто добуш бергени чыгып калат. Шайлоо мажоритардык системада өттү. Талапкерлер өздөрүнүн программаларын элге тааныштырышты. Биз кийинки шайлоолордо онлайн түрдө добуш берүүнү киргизүүнү пландап жатабыз. Мында шайлоочулардын катышуусу 80 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Бул ыкманы президенттик шайлоого колдонууга жетишпей калабыз», — деди мамлекет башчысы.

