Чоң-Алай: 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 2015-жылы башталган Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Айыл элин күттүргөн иш чарага Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов катышты. Саамалыктын алкагында мектептин курулушуна кошкон салымы үчүн “Чоң-Алай районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Билим уясы 375 орунга ылайыкташкан. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат….

