Баткен облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 107,9 млн сомго 34 долбоор бекитилди
2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Баткен облусуна 107,9 млн сом суммасында 34 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Кадамжай районунун 11 объектисине 25,8 млн сом; Лейлек районунун 9 объектисине 30,2 млн сом;Кызыл-Кыя шаары боюнча 6 объектиге 24 млн сом; Сүлүктү шаары боюнча 4 объектиге 11,6 млн сом; Баткен шаарынын 4 объектисине 16,3…

