13-округда кайра шайлоо болбойт: БШК шайлоону өткөн деп тааныды

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы чечимине ылайык, 13-округда Бактыбек Сыдыковго берилген добуштар гана жокко чыгарылды. Ал буга чейин бул округда эң көп добуш алган талапкер болчу. Бул округдагы шайлоо участкаларда уруксатсыз видеого тартуу фактыларына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 1-мартка дайындалып, жаңы талапкерлер каттоодон өткөн, ал эми мурдагы талапкерлерге кайра катышууга тыюу салынган….

Кененирээк

Акжол Махмудов болгариялык Айк Мнацаканянды жеңди

Бишкектеги Кичи аренада күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турнири өттү. Мелдештин байге фонду 300 миң доллардан ашат. Турнирдин атайын беттешинде Акжол Махмудов 82 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утуп алды. Натыйжада Махмудов 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5000 доллар утту. Бул балбандардын ортосундагы жеке эсеп буга чейин 2:2 болчу. Мындан тышкары…

Кененирээк

Президенттин жана минкабдын Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты

Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол коюп, Алмасбек Абытовдун ордуна Бектур Зулпиев дайындалган. Ал буга чейин өлкө башчынын кеңешчиси болчу.

Кененирээк

«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат

«Кыргызстан аэропорттору» ААКы жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКы камсыздандыруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке Манасбек Самидинов менен Элдияр Калдарбеков кол койду. Келишим милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу багытындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Ал төмөнкүлөрдү камсыздандырууну камтыйт: -мүлк -транспорт жана жүк -жоопкерчилик -өмүр жана ден соолук Мындан тышкары ташууларга жана авиациялык инфратүзүм объекттерин эксплуатациялоого байланышкан тобокелдиктерди…

Кененирээк

Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү

2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү 36 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнү айтылды. Бул тууралуу 13-февралда Бишкекте МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусунда маалымдалды. Адылбек Касымалиев соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү милдети коюлганын белгилеп, Кыргызстан бул максатка жетүүгө даяр экенин айтты. Кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин…

Кененирээк

Калың кардан улам Чаткалда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Аймакка жааган 1,5 метр кардан улам жолдор жабылып, эл түйшүккө кабылып жатканы айтылууда . Районго барчу жолго улам кар көчкү түшүп, атайын техникалар улам жолду тазалап жатат. Буга байланыштуу кечээ, 12-февралда, районго 2-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ошондой эле катаал аба ырайына байланыштуу мектептер онлайн окууга өткөрүлгөн.

Кененирээк

«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттү

Курулуш министрлиги «Дөөлөт курулуш» ЖЧКсынын токтоп калган объектилерин өз карамагына алып, курулуш иштерин аягына чыгара турганын 12-февралда министр Нурдан Орунтаев үлүш ээлери менен ЖК «Кудайберген» аянтындагы жолугушууда билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, чечим батирлерин төрт жылдан бери ала албай жаткан жарандардын көптөгөн кайрылууларынан кийин кабыл алынган. Нурдан Орунтаевдин айтымында, «Кудайберген» жана «Шопоков» турак жай комплекстеринде иштер…

Кененирээк

2026-жылы борбор калаада экинчи таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитеттин коллегиясында билдирди. Анын айтымында, жаңы объект ишке кирсе, комплексинин жалпы кубаттуулугу суткасына 3 миң тоннага чейин жетет. Мунун негизинде Бишкек шаарынын гана эмес, бүтүндөй Чүй аймагынын катуу тиричилик калдыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эске салсак, Борбор Азиядагы алгачкы экотехнологиялык завод 2025-жылдын 27-декабрында ачылган. Учурда ал 80 миң тонна…

Кененирээк

ЖОЖдордогу окуу программалары каралып, эски сабактар кыскартылат

Кыргызстандын жогорку билим берүү системасына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиясында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жаңы министрликтин түзүлүшү жогорку билим берүү жана илим тармагын терең жаңылоого багытталган алгачкы кадам болду. Негизги максат — университеттерди таланттарды тарткан борборго, заманбап билимдин булагына жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычына айлантуу. Жакынкы…

Кененирээк

Өлкө боюнча 206 мектеп директорлугуна конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт. Республика боюнча жалпы 206 бош кызмат орунуна конкурс жарыяланды. Анын ичинен: Бишкек шаары – 11, Ош шаары – 8, Чүй облусу – 21, Нарын облусу – 10, Ош облусу – 59, Баткен облусу – 20, Ысык-Көл облусу…

Кененирээк