Элеттен кетпей, эбин тапкан ишкер айымдар

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагында 18 аял кишилерден турган топ туризмди өнүктүрүүнү колго алышкан. Алар Кара-Кой жайлоосунда эс алуу зоналарын, боз үй шаарчаларын жана конок үйлөрүн негиздеп, өлкө аймагындагы жана чет элден келген туристтерди коноктошот.     Алардын бири Гүлжан Орозали кызы “Ак калпак” эс алуу жайын түптөп, эки жылдан бери  ишмердүүлүгүн…

Кененирээк

Бишкекте мигранттар үчүн экинчи ресурстук борбор ачылат

Бүгүн Бишкектеги Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун имаратында мигранттар үчүн экинчи ресурстук борбордун салтанаттуу ачылышы өтөт. Борбор Европа биримдигинин колдоосу менен Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор ишке ашырып жаткан Protect долбоорунун алкагында түзүлүүдө. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, борбор жарандарга коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча так маалымат берүүгө багытталган. Ошондой эле анда…

Кененирээк

Баатыр энелердин балдары үчүн жогорку окуу жайларында кошумча гранттык орундар бөлүнүшү мүмкүн

Кыргызстанда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдары үчүн жогорку окуу жайларында жыл сайын кеминде 500 кошумча гранттык орун бөлүү сунушталууда. Агартуу министрлиги демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилге көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жогорку билим алууга шарт түзүүгө жана алардын социалдык корголушун күчөтүүгө багытталган. Учурда ЖОЖдорго кабыл алууда мамлекеттик гранттардын 5%ы жеңилдик берилген категорияларга…

Кененирээк

Кыргызстан какао жана ири иш-чараларга керектүү товарлар үчүн бажы жеңилдиктерин алды

20-майда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында Кыргызстандын бажы жеңилдиктери боюнча эки демилгеси жактырылды. Биринчиси какао упасына тиешелүү: 2026-жылдын аягына чейин өлкө 300 тоннага чейин бул чийки затты импорттук бажы алымын төлөбөстөн алып келе алат. Бул жеңилдик шоколад, кондитердик азыктар, нан азыктары, сүт продукциясы жана суусундуктарды өндүргөн ата мекендик ишканаларды колдоого багытталган. Экинчи демилге ШКУ саммитине…

Кененирээк

Өлкөдө 40 райондун жер фонду толугу менен санариптештирилди

Кыргызстанда 40 райондун жер фонду боюнча маалыматтар толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү. Инвентаризациянын жыйынтыгы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте талкууланды. Маалыматка ылайык, жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана бардык картографиялык материалдарды жана ведомостторду санарип форматка өткөрүп бүткөн. Иштин жүрүшүндө адистер ар бир айыл аймактагы жерлердин аянтын тактап, участоктордун категориясы, түрү жана көлөмү…

Кененирээк

«Ала-Тоо» журналы кайрадан жарык көрө баштады

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтүйүндөгү баракчасына жазды. Өлкө башчысы көп жыл чыкпай калган адабий журналдын жаңы басылган саны колуна тийгенин айтты. Ошондой эле окурмандарды журналга жазылууга чакырды. «Эми «Ала-Тоо» журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат. Учурдан пайдаланып бул журналга…

Кененирээк

Кабмин жер тилкелерин берүү тартибин өзгөртүү маселесин карады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги жыйынды өткөрдү. Жыйында айрым чечимдерди Кыргызстандын жаңы редакциядагы Жер кодексине ылайык келтирүү боюнча токтом долбоору каралды. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди берүү, ижарага алуу, пайдалануу жана жер кадастрын жүргүзүү тартиптерине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өзгөртүүлөр улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкелерин берүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Ошондой эле жер берүү…

Кененирээк

Бишкектеги 30дан ашык мектеп онлайн окууга өтөт

Бишкекте 21–23-май күндөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 30дан ашык мектеп убактылуу дистанциялык окууга өтөт. Онлайн форматта №1, 4, 6, 9, 10, 11, 13, 20, 24, 29, 38, 39, 40, 47, 50, 55, 62, 63, 64, 65, 66, 68, 69, 70, 72, 73, 75, 84, 88, 93, 96, 100, 101, 102 жана 103-мектептердин окуучулары билим алышат.

Кененирээк

Бишкекте «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт

27–31-майда Бишкек шаарында салттуу маданият жана колөнөрчүлүк боюнча «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан баардык аймактарынан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү тармактардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Фестивалдын коноктору эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкесине, fashion кинокөрсөтүүлөргө катыша алышат. Ошондой эле шырдак, ала кийиз,…

Кененирээк

Бишкекте «Советтик кинодогу мыкты ырлар» аттуу концерт өтүүдө

Маданий иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп жатат.  Бул жерде бир убакта элдин сүймөнчүлүгүнө айланган «Остров невезения», «Как молоды мы были», «Старый клён» сындуу ырлар жаңырууда.  Иш-чараны Бишкектеги «Русский дом» борбору Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурган.

Кененирээк