Ошто билим берүү мекемелеринин аймагындагы объекттерге эскертүүлөр берилди

Ош шаарындагы №8 (Горький), №6 Макаренко, №57 Тажиматов атындагы билим берүү мекемелеринин аймагындагы имараттарга Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 1-мартка чейин мектеп аймагын бошотуу боюнча эскертүү кагаздары берилди. Бул мектептердин баштапкы аймагы кыскарып, жеке менчикке берилип кеткен. Мындан улам мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен билим уяларынын жерлерин кайтаруу иштери жүрүүдө.

Кененирээк

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун үчүнчү этабы башталды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кышкы кабыл алуу уланууда. Илим министрлигинин маалыматына ылайык, үчүнчү этап бүгүнтөн тарта 21-январга чейин, төртүнчүсү 26-28-январь аралыгында өтөт. ЖОЖдордогу кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга студенттерди тандоо жана кабыл алуу максатында жүргүзүлөт.

Кененирээк

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Бишкекте хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты. Алгачкы беттеште Кыргызcтандын командасы Гонконгдон келген атаандаштарын 4:1 эсебинде жеңди. Турнир 24-январга чейин уланат. Ага Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконгдун командалары келди.

Кененирээк

Дарыгерлер магнит жутуп алган 2 жашар баланы куткарышты

Ошто дарыгерлер 17 магнит жутуп алган 2 жашар бөбөктү операция менен куткарышты. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынан маалымдашты. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатканын кабарлашты. “Магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда ичеги-карындар бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге, операцияга чейин алып келиши мүмкүн. Майда бөлүктөрдөн турган,…

Кененирээк

Нобель комитети Трампка берилген тынчтык сыйлыгынын медалы боюнча үн катты

Нобелдин 2025-жылдагы тынчтык сыйлыгын алган Мария Мачадонун өзүнө ыйгарылган медалды Трампка тапшырганы талкууга түштү. Айрым эксперттер бул кадамды Венесуэланын саясий келечегине байланыштуу Трамптын позициясына таасир этүү аракети катары баалашууда. Ак үйдө түшкү тамак учурунда өткөн жолугушуу эки саатка созулган. Трамп белек үчүн Мачадого ыраазычылык билдирген.Бул кадам Трамп Мачадону Венесуэланын лидери катары колдоо идеясын четке каккандан…

Кененирээк

Онкологиялык оорусу барлар бир жыл ичинде кайрадан операция жасатса, ооруканага акысыз жаткырылат

ММКФ эскертти: онкологиялык оорусу бар бейтап биринчи операциядан кийин 12 ай ичинде кайра пландуу операцияга муктаж болсо, ооруканага акысыз жаткырылат. Жеңилдик Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган.Дарылануу маалында төмөнкү кызматтар үчүн акча талап кылууга болбойт: -адистердин консультациясы; -операция жана анестезия; -операциядан кийинки жараатты иштеп чыгуу; -ошол ооруканада жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр. Мындан тышкары медуюм бейтапты жашоо…

Кененирээк

Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу экенин айтты

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу экенин билдирди. Ал жолдошу экөөнүн видеосун жарыялады. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Ал быйыл октябрь айында Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланган. Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирген.

Кененирээк

Өлкөдөн сыртта ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө салык 10 эсе азайды

Өлкөдөн сыртта ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө салык 10 эсе азайды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Кыргызстандан сырта ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Салык кызматы чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткандар 1-февралга чейин 0,1 пайыздык салыкка өтүү тууралуу арыз тапшыруусу керектигин кабарлады.

Кененирээк

Чет өлкөлүк номердеги автоунаалар экинчи жолу легалдаштырылбайт

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, коомчулукта легалдаштырууга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет деген маселе активдүү талкууланып жатат. Бирок буга чейинки өнөктүк бир жолку акция болгону белгиленген. “Мындай автоунаалар бажы төлөмдөрү төлөнбөстөн, мыйзамсыз схемалар аркылуу өлкөгө келген. Эмне үчүн мыйзамды так сактаган жарандар чыгым тартып, ал эми ташып кирүү тартибин бузган адамдарга жеңилдик берилиши керек? Ошондуктан кайрадан легалдаштыруу…

Кененирээк

Үй-бүлөлүк иш чараларда «кийит кийгизүү», «түштөнтүү» сыяктуу салттарга тыюу салынат

Үйлөнүү тоюнда коноктун саны 200дөн ашпашы керек. Минкаб үй-бүлөлүк иш чараларды өткөрүү боюнча жобо даярдады. Документ коомдук талкууга чыгарылып, анда жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү тартипке келтирип, ысырапкерчиликке жол бербөөнү көздөй турганы айтылган. Эске ала турган жагдайлар: Салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же кредит алууга жол берилбейт. Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө…

Кененирээк