Баткен облусунун башчысы Британиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Облус башчысы өз сөзүндө Баткен облустун приоритеттүү багыты чек ара маселесин чечүү, облус аймагында тынчтыкты сактоо, инвесторлорго жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аймактын экономикалык-социалдык дараметин жогорулатуу экенин белгилеп, кызматташуу багыттарын айтып өттү.Тагыраагы энергетика жаатында кызматташып, облус аймагында жайгашкан…

Кененирээк

Кыргызстан менен Өзбекстан бирге чогулткан авто завод 28-майда ишке кирет

Кыргызстан менен Өзбекстан авто унааларды бирге чогулткан завод ачат. Завод тесттик режимде 28-майда ишке кирет. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ишкана Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан. Заводдо Chevrolet, Daewoo жана Isuzu автомобилдерин чогултуу пландалган. 2023-жылы март айында «Узавтосаноат» менен Кыргызстандын «ДТ техника» жана «НУР» компаниялары ортосунда жеңил авто унааларды чогултуу боюнча…

Кененирээк

Сомдун курсу жогорулаганы байкалды

Кыргызстанда доллар, евро, рубль, тенгенин сомго карата курсу төмөндөгөнү байкалды. Улуттук банктын 23-майга карата расмий курсуна ылайык, бир доллар 88,02 сом. Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары долларды 88,15 сомдон сатып алып, 88,55-88,65 сомдон сатышууда. Евро бүгүнкү күндө 95-95,3 сомдон сатып алынып, 95,9-96 сомдон сатылууда. Расмий курс — 95,494 сом (0,31 пайызга төмөндөгөн). Орус рубли да бир…

Кененирээк

Түрк ашканасынын жумалыгы: 2024-жылы «Эгей даамдарын» өзгөчө даңазалайт!

Түшүмдүү байыркы салттарды кучагына алган Анадолунун бай гастрономиялык маданияты 2024-жылдын 21-майынан 27-майына чейин Түрк ашканасы жумалыгында дүйнө жүзү боюнча белгиленет.Жыл сайын өтүүчү түрк ашканасы жумалыгы түрдүү иш-чараларды жана социалдык медианы өзүнө камтыйт.Туруктуу түрк ашканасынын даамдуу, пайдалуу, салттуу жана ысырапкорчулуксуз рецепттери түрк ашканасынын жумалыгында ар кандай иш-чаралар менен белгиленсе, быйылкы эл аралык иш-чараларда түрк гастрономиясынын Эгей…

Кененирээк

Эреже бузган автоуналарды кабарлаган номур пайда болду

Жол эрежесин бузган автоунааларды кабарлоо үчүн күнү-түнү иштеген 0777 102-102 WhatsApp номуру ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады. “Мындан ары автоунаалардын туура эмес жерге токтотуп койгон, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын көргөн учурда ушул номурга сүрөт жана видео тасмага тартып, жөнөтүп койсо болот”,…

Кененирээк

Кыргызстандык 6 мушкер Бангкокто лицензиялык турнирге катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Таиландда өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия берген мелдешке катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат. Кыргызстандын курама командасынын мушкерлери Анвар Ходжаев, Мунарбек Сейитбек уулу, Асхат Култаев, Нурадин Рустамбек уулу, Өмүрбек Бекжигит уулу, Эркин Адыл уулу башкы…

Кененирээк

25-майда төрт миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Акыркы коңгуроо салтанатында мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мекеме ошондой эле ата-энелерди балдарынын коопсуздугун көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөргө унаа башкартпоого чакырды. Эске салсак, мектептерде Акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Быйыл 11-классты 73 миң окуучу аяктайт.

Кененирээк

Таласта аэропорт ишке берилип, ачылышына Садыр Жапаров катышты

Президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы реконструкцияланган аэропортту салтанаттуу ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Мамлекет башчы «Талас» аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин айтты. Аба майдан саатына 100 жүргүнчү тейлейт. Ошондой эле өлкө башчы аймактардагы аэропортторду пайдаланууга берүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, «Манас» аэропорту муктаждыкты жабуу үчүн…

Кененирээк

Месопотамия Экспресс: Түркиянын жаңы жана популярдуу туристтик поезд маршруту

Түркиянын укмуштуудай кооздугун поезд менен изилдегиңиз келеби? Анда бул саякат үчүн, жаратылыш ойгонуп, Түркиянын ар бир бурчун укмуштуудай пейзажга айланткан жаз айлары өтө ыңгайлуу жана идеалдуу. Месопотамия Экспресс- Түркиянын эң жаңы туристтик поезд линияларынын бири, туристтерге эсте каларлык тажрыйбаларды алууга мүмкүнчүлүк берет. Түркиянын борбор шаары Анкарадан башталып, түштүк-чыгыштын жүрөгү Диярбакырда аяктаган Месопотамия экспресси, 1051 километрлик…

Кененирээк

Кант шаарына таштандыны кайра иштетүүгө инвестиция тартылды

Кант шаарына таштандыларды кайра иштетүүгө инвестиция тартылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Кант шаардык мэриясы менен “Таза Био Сервис” ЖЧКнын ортосунда “Калдыктарды сорттоо пунктун түзүү жана катуу тиричилик калдыктарынын жалпы массасынан пайдалуу функцияларды бөлүп алуу үчүн таштандыларды автоматтык түрдө сорттоочу линияны ишке ашыруу, андан ары экинчи зат катары пайдалануу жана жер…

Кененирээк