Курман айт 17-июнда белгиленет

Быйыл Курман айт 17-июнда белгиленет. Бул күн министрлер кабинетинин токтому менен дем алыш катары бекитилген. Майрам дүйшөмбүгө туура келет. Муну менен кыргызстандыктар үч күн — 15, 16 жана 17-июнь күндөрү эс алышат. Эске салсак, Курман айт Орозо бүткөндөн кийин жетимишинчи күнгө туш келет. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып беришет.

Кененирээк

Кыргызстандык окуучулары 7 медаль утуп алышты

Кыргызстандык окуучулар TASIMO Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында жалпы 7 медаль жеңип алышты. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен төртөө күмүш, үчөө коло медалга ээ болушту. Олимпиадага кыргызстандык окуучуларды математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган. Эске салсак, 17-20-майда TASIMO Ташкент эл аралык I математикалык олимпиадасына 10 өлкөдөн 300дөн ашуун окуучу катышты.

Кененирээк

Президент С Жапаров чек аракызматынын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда чек арачыларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу чек арачылар жана чек ара кызматынын ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү Чек арачылар күнү жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздер…

Кененирээк

Саламаттыкты сактоо тармагында Борбор Азия эл аралык форуму өтөт

Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биргелешип саламаттыкты сактоого инвестиция тартуу жаатында Борбор Азия эл аралык форуму өтүп жатат. Документке 26-майда Женева шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ДССУнун Европа боюнча регионалдык директору доктор Ханс Клюге кол коюшту.Белгиленгендей, форум 2024-жылдын 26-27-июнунда Бишкек шаарында президент Садыр…

Кененирээк

Педофильдер өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн

Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Өзгөртүлгөн документке ылайык, эми педофилияга айыпталгандар канча жашта экенине карабай өмүр бою да эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан тышкары сотто балага сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдүн күнөөсү далилденсе жазасыз калбайт. Документти Жогорку Кеңеш 11-апрелде кабыл алган.

Кененирээк

Илим Карыпбеков дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырды

Илим Карыпбеков дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. “Бул менин жашоомдун эң чоң максат-кыялдарымдын бири эле эмес, өтө чоң жоопкерчилик эле. Чокуга жетпей кырсыктап калсам, балдарым, жакындарымдын алдында жоопкерчилик. Желекти чыгарам деп убада берип коюп, чыгара албай калсам эл алдында, демөөрчүлөр алдында, президент алдында жоопкерчилик.Жоопкерчиликтүү даярданып, бирок…

Кененирээк

Зыяратчылар ажылык сапарга келерки аптадан Оштон уча баштайт

«Ош» эл аралык аэропорту зыяратчыларды ажылык сапарга узатууга даярданууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК кабарлады.Маалыматка караганда, «Манас» эл аралык» ААКтын «Ош» филиалынын директору Тимурлан Маданбеков Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолукту.Жолугушуунун алкагында 2024-жылкы зыяратчыларжы ажылык сапарга «Ош» эл аралык аэропорту аркылуу учуу-каттамдары талкууланды. Ошондой эле ажылык сапарга узатуу жана тосуп…

Кененирээк

Борбор Азияда алгачкы жолу зомбулука кабылган кыз келиндерди калкалоочу борбор ачылды

Бишкек шаарында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин алдында зомбулукка кабылган кыз-келиндерге сапаттуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү терезе принцибиндеги борбор ачылды. Бул жерде оор кырдаалга туш болгон аялдар укуктук, медициналык, психологиялык жардам ала алышат. Зарыл болсо соттук-медициналык кароодон өткөрүлөт.«Зомбулуктан жабыркагандарды колдоонун бирдиктүү терезеси» деген аталышта Борбор Азияда алгачкы ачылган мекемеде аялдарга көрсөтүлчү жардамдар бир жерге…

Кененирээк

ОШМУ: 31-май эл аралык форум өтөт

Ош шаарында биринчи жолу “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз арааракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору” аталышындагы форум өтөт. Форумдун алкагында 52 бизнес компаниялардын продукциялары, студенттердин эмгектеринин көргөзмөсү коюлат.Бизнес-коучтардын мастер-класстары, бош орундар жарманкеси жана компаниялардын презентациялары болот. Форум 31-май күнү Ош мамлекеттик университетинде өтөт. Ага Америка, Кытай, Япония, Чехия, Өзбекстан, Казакстан…

Кененирээк

Кыргызстанда пенсия 2 этап менен көтөрүлөт

Кыргызстанда пенсия эки этап менен көтөрүлөт. Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдиргендей, 1-октябрдан тарта пенсионерлер колуна 6 миң 900 сомдон кем эмес пенсия ала баштайт. Биринчи этап 1-июлда башталып, анын алкагында бардык пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 500 сомго жеткирилет. Ал эми 2-этапта пенсиянын минималдык көрсөткүчү 6 миң 900 сомду түзөт. Кошумчалап кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата…

Кененирээк