Айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү 75 ишкана ачуу пландалууда

Быйылкы жылы айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү 75 ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Министрликтен маалым болгондой, бул багыттагы инвестициянын көлөмү 9 млрд сомдон ашат деп эсептелүүдө. Ал эми 2030-жылга чейин 385 айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү мерчемделип жатат. Бул кайра иштетүүнүн…

Кененирээк

БШК №13 округдагы шайлоочулардын тизмесин жарыялады

БШК №13 округда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча добуш берүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. «Тизме» порталында 161 миң 347 шайлоочу болсо анын 49,83% эркектер, ал эми 50,17% аялдар түздү. Шайлоочулардын тизмеси 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участогуна илинет. Шайлоочу өзүн тизмеден 18-февралга чейин 1255 же 119 кыска номерлерине чалып же шайлоо участогунан же «tizme.gov.kg»…

Кененирээк

Бишкектеги Карылар үйүндө чыккан өрттөн 2 киши каза тапты

Бишкекте Карылар үйүндө өрт чыкканын, ушу тапта өрттү толук өчүрүү аракети көрүлүп жатканын 6-январда кечки саат 19:40 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эки кишинин өмүрү кыйылды, 15 киши эвакуацияланды. Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт күжүрмөн эсеп жана…

Кененирээк

Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы уулу Чеченстандын вице-премьери болду

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров 20 жаштагы уулу Ахматты өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ахмат жаңы оруну менен кошо спорт министри деген кызматын да сактап калды.«Кавказ.Реалии» басылмасы улуттук саясат, тышкы байланыштар, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев да кызматынан көтөрүлгөнүн жазды.Рамзан Кадыровдун айтымында, бул дайындоолор өкмөт башчысы Магомед Даудовдун сунушу менен жүргөн….

Кененирээк

Соцтармакта балдарды мазактаган видео боюнча милиция териштирүү баштады

Соцтармакта балдарды мазактагандардын видеосу тарап, милиция шектүүлөрдү суракка чакырды. Видео Аламүдүн айылында тартылган болушу мүмкүн. Кадрлардан жаш балдарды сабап, “жоокерлердей” бастырып, короону кайтартып, жумуш жасатып, ал эми бирөөсүнүн бетине жыртык-тешик бүтөгөн көбүктү чачып салышканын көрүүгө болот. Тиешелүү экспертизалар дайындалды, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен чара көрүлмөкчү. Окуя Свердлов РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.

Кененирээк

Ошто Ж. Шамшиев көчөсү оңдолуп, пайдаланууга берилди

Бүгүн 6-январь күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы Ж.Шамшиев көчөсүндөгү көпүрөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Көпүрөнүн узуну 9 метр, кеңдиги 21 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, суу түтүктөрү тартылып, ирригациялык лотоктор орнотулду….

Кененирээк

Бишкекте «Жөө жүргүнчү» аттуу масштабдуу рейд өтүүдө

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ) жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталган «Жөө жүргүнчү» профилактикалык рейдин баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Иш-чаранын алкагында инспекторлор борбор калаанын эң кыймылдуу тилкелеринде көзөмөлдү күчөтүп, айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да эрежелерди сактоосуна өзгөчө көңүл бурууда. Акциянын негизги максаты — шаардагы кыймылдын активдүүлүгүн эске алуу менен жол эрежелерин так…

Кененирээк

Ички иштер министрлиги мессенджердеги жеке аккаунттардын коопсуздугу жөнүндө эскертет

Ички иштер министрлиги WhatsApp мессенджери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйгөнүн билдирди. Акыркы убактарда WhatsApp мессенджери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйүүдө. Шылуундар жарандардын WhatsApp аккаунттарын бузуп (взлом), алардын атынан туугандарына же тааныштарына жазып, белгилүү бир суммадагы акча каражатын шашылыш которуп турууну суранып, жалган билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат. Мындай аракеттердин натыйжасында жарандар алдамчылардын тузагына түшүп, акчалай чыгымга учурап калышууда. Мындай…

Кененирээк

Нью-Йоркто Мадуронун соту башталды: ал өзүнө коюлган айыптарды четке какты

Нью-Йорк шаарындагы сотто Венесуэланын мурдагы лидери Николас Мадуро өзүнө коюлган айыптарды четке какты. Ал өзүн күнөөсүз деп атап, АКШда «аскер туткуну» макамында экенин билдирди. Мадуро сот залында испан тилинде сүйлөп, котормочунун кызматынан пайдаланганын Fox News маалымдады. Ал ошондой эле өзүн Венесуэланын мыйзамдуу президенти бойдон калууда деп эсептей турганын айтты. Анын жубайы Силия Флорес да баңгизат…

Кененирээк

Муниципалдык айып короо жайынын курулушу уланууда

Ош мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Манас-Ата аймактык башкармалыгынын аймагында муниципалдык айып короо жайы даярдалууда. Учурда унаа токтотуучу жайдын аймагында бир канча иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда тирөөч дубалдар курулуп, «Ошсвет» ишканасы тарабынан аймакка заманбап жарыктандыруу системасы орнотулууда.  Мындан тышкары, аймак грейдер техникасынын жардамы менен тегизделип, айланасына тосмолор тургузулуп жатат. Бул жай 50-60 унаага ылайык…

Кененирээк