Жарандардын 88%ы Кыргызстандын азыркы өнүгүү багытын туура деп эсептейт
Профессор Кусейин Исаев атындагы Коомду изилдөө борбору 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коомдук маанайдын жыйынтыктарын жарыялады. Онлайн-сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 1039 адам катышкан. Изилдөөгө ылайык, жарандардын 88%ы мамлекетте иштер туура багытта жүрүп жатат деп эсептейт. Республиканын бардык облустарында колдоонун деңгээли 84%дан 93%га чейин жеткен. Жаш куракка жараша айырмачылыктар да байкалган: 16–35 жаштагылар арасында оң пикир 83,6%ды түзсө,…

