Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Асман» шаарынын долбоорун тааныштырды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Асман» экологиялык шаар долбоорун Шанхай жана Нанкин шаарларына болгон жумушчу сапардын алкагында тааныштырды. Агенттиктин маалыматына караганда, долбоор КЭРдин ири инвестициялык чөйрөлөрүндө стратегиялык кызыгууну жаратты. Шанхайдагы бизнес-форумда «Асман» «акылдуу» технологиялар жана экологиялык стандарттарга багытталган көп функционалдуу аянтча катары сунушталды. Ишкерлерге санариптик инфраструктура жана заманбап шаар куруу чечимдери көрсөтүлдү. Нанкин шаарында долбоорго арналган…

Кененирээк

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 1-1,5 сомго арзандады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 1-1,5 сомго арзандаганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди. Бул россиялык мунай иштетүүчү заводдордун декабрдын аягында дүң бааны төмөндөтүп, калган запастарын сатып түгөтүшүнө байланыштуу болду. Ассоциациянын өкүлү Канат Эшатов жакында жаңы баалар коюларын, ошондуктан өлкө ичиндеги күйүүчү майдын мындан аркы баасын так айтуу кыйын экенин кошумчалады.

Кененирээк

Контентинин 60%ы кыргызча болбогон телеканалдар жабылат

Өлкөдөгү бардык телеуюмдардын жетекчилиги жана өкүлдөрүнүн ошондой эле, «Кыргызфильм» жана «Кыргызсериал» мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Жыйында телеканалдарды ата мекендик өндүрүштөгү жана кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси кеңири талкууланды. Министрдин орун басары берүүлөрдүн жалпы көлөмү прайм-тайм убактысында 60%дан кем болбошу керектигин, бирок айрым телеканалдар кайталоо менен “жан багып” келе жатканын айтты. Ошондуктан “Кыргызфильм”…

Кененирээк

Бишкекте тамак-ашка массалык уулануу катталды

«Даамдуу» аталышындагы тез татым түйүнүнөн алынган тез даярдалуучу тамак-ашты колдонууга байланыштуу массалык тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. 2026-жылдын 16-январына карата таңкы сааттардагы маалымат боюнча жабыркагандардын жалпы саны 23 адамды түзөт, алардын 5и балдар.18 адам ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, бейтаптардын абалы туруктуу.5 адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн.Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө…

Кененирээк

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого алты талапкер катышуу ниетин билдирди

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого алты талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар: Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт. Эске салсак, аталган округда…

Кененирээк

Россиядагы “көзөмөлдөгү адамдар” реестринде 34,7 миң кыргызстандык бар

Россиянын көзөмөлдөгү адамдар реестринде учурда 34 миң 786 Кыргызстандын жараны каттоодо турат. Бул тууралуу 15-январда өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.  Министрдин айтымында, 2024-жылдын ноябрында бул көрсөткүч 128 миңге жакын болгон. Көпчүлүк мигранттар реестрден өздөрүн текшерип, берилген кошумча убакыттын ичинде укуктук макамын мыйзамдаштырууга жетишкен.  Ошол эле учурда айрым жарандар тизмеде калып, депортацияга…

Кененирээк

Чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу борбордун абалы текшерилди

Шарт жок, адвокат, котормочу менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Акыйкатчы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу борборду текшерди. Маалыматка караганда, учурда аталган жайда 160 адам кармалып турат. Борбордун санитардык-гигиеналык шарты начар, имараттын ичиндеги дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр иштебейт. Жылытуу системасы жок болгондуктан төрт бөлмө гана кондиционер менен жылыйт. Калган бөлмөлөр суук. “Борбор үчүн ашпозчу каралганы менен чет өлкөлүк…

Кененирээк

Тышкы иштер министри: АКШнын виза алуу үчүн койгон 15 миң доллардык күрөөсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШнын виза алуу үчүн койгон 15 миң доллардык күрөөсү боюнча комментарий берди. Анын айтымында, азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. АКШ тарап гуманитардык байланышты бекемдеп, ошол эле маалда миграциялык саясатын күчөтүп жатканын айткан. “Бизде маяна 40 миң доллар болсо бир жөн эле. Эгерде айлык миң доллардан ашпаса, жарандарыбыз эмне кылышы керек деген суроону коюп…

Кененирээк

АКШ жакынкы 24 сааттын ичинде Иранга аскердик сокку урушу мүмкүн

Европалык аткаминерлердин баамында, АКШ жакынкы 24 сааттын ичинде Иранга аскердик сокку урушу мүмкүн. Бул тууралуу эки европалык чиновник Reuters агенттигине билдирген. Алардын айтымында, бардык белгилер чабуулдун «жакындап калганын» көрсөтүүдө. «Азыркы АКШ администрациясынын ыкмасы ушундай — баарын белгисиздикте кармоо. Белгисиздик— бул стратегиянын бир бөлүгү», — деди булактардын бири. Израилдик расмий өкүл да Дональд Трамп Иран боюнча…

Кененирээк

Суучул Денис Петрашов эл аралык турнирде күмүш медаль утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын Техас штатында өтүп жаткан Pro Swim Series эл аралык турниринде күмүш медаль утту. Мелдеш 14-январда башталып, алгачкы күнү Петрашов 100 метр аралыкты брасс стилинде 59,55 секундда сүзүп өтүп, экинчи орунду ээледи. Турнир 17-январга чейин уланат, анын алкагында спортчу 50 жана 200 метр аралыкта да брасс стилинде күч сынашат.

Кененирээк