Тоолуу аймактагы жолдордо кар көчкү жүрүшү ыктымал
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-18-январь күндөрү өлкө аймагында күн кескин сууктап, кар жаашы мүмкүн экенин эскертти. Айрым аймактарда туман түшүп, жолдор муз болуп, ашууларда көчкү жүрөт. Коопту жолдор: Кара-Кулжа – Алайкуу жолу, Чычкан капчыгайы, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чоң-Ашуу, Чапчыма жана Көк-Арт ашуулары. Министрлик жарандарды зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай турууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

