Салык кызматы алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкасын жогорулатты

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тарта алкоголдук продукцияга салынган акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сомго жогорулаганын билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер кабинети 2025-жылдын 18-декабрында токтом кабыл алган. Анда 2026-жылдан 2029-жылга чейин аталган продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап-этабы менен жогорулатуу каралган. Белгилей кетсек, 2025-жылдын 11 айында Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн алкоголдук продукциядан бюджетке 3 млрд 448,3 млн сом…

Кененирээк

Министрлик өлкөдө канча асыл тукум жандык бар экендигин жарыялады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан мамлекеттик колдоо жана селекциялык иштер өз жыйынтыгын берүүдө. Бүгүнкү күндө республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти. Алар мал чарбачылыгынын бардык негизги багыттарын камтып, айыл аймактарындагы экономикалык активдүүлүктү арттырууда. Негизги көрсөткүчтөр: Ири мүйүздүү асыл…

Кененирээк

Кардиология тармагындагы эки оорукананын жетекчилери кызматтан алынды

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Самидин Шабыралиев кызматтан алынды. Мындай чечим аталган мекемелерде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктарынан кийин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов тарабынан кабыл алынды. Текшерүү учурунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда ангиографтардын иштебей турушу, коронароангиографиянын өз убагында жүргүзүлбөгөнү, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын жеткиликсиз…

Кененирээк

Футбол боюнча Азия кубогу (U-23): Кыргызстандын курамасы сапарын жыйынтыктады

Мелдештин тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу туру Сауд Арабиянын Жидда шаарында 13-январга караган түнү болду. Анда Кыргызстан жана Иорданиянын жаштар курамалары беттешип 1-0 эсебинде атаандаштын жеңиши менен аяктады. Буга чейин биздин курама Сауд Арабияга каршы 0-1, Вьетнамга каршы 1-2 эсебинде жеңилүү ызаасын тарткан. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Азия кубогуна алгачкы ирет катышты.

Кененирээк

Ошто “Керме-Тоо” мектеби толугу менен жаңыланды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн кичи районундагы “Керме-Тоо” орто мектебиндеги балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышып чыкты. Бул имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп, толугу менен жаңылганган. Мектепти оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Ага имараттын сырткы фасады, терезе жана эшиктери алмаштырылды. Ошондой эле окуучулардын дени сак жашоо образы үчүн эскилиги жеткен спорт аянтчалары…

Кененирээк

Кыргызстан 2026-жылы россиялыктар үчүн эс алуу эң арзан болгон өлкөгө кирди

Кыргызстан 2026-жылы россиялыктар үчүн эс алуу эң арзан болгон чет өлкөлүк багыттардын тизмесине кирди. Аналитиктердин эсептөөсү боюнча, биздин өлкөдө эки адам үчүн бир жумалык эс алуу 105 миң рублду түзөт. Мындан арзаныраак эс алуу Беларусияда — 80 миң рубль жана Өзбекстанда — 93 миң рубль болот. Кыргызстан бул рейтингде үчүнчү орунду ээледи. Тизмеге ошондой эле…

Кененирээк

Улуу Британия Украина үчүн Москвага жете ала турган баллистикалык ракета иштеп чыгат

Улуу Британия Украина үчүн Nightfall аттуу жаңы баллистикалык ракета долбоорун баштоону чечти. Бул ракеталардын учуу аралыгы 500 чакырымга чейин, ал эми согуштук бөлүгү 200 кг болот. Маалыматты Улуу Британиянын Коргоо министрлиги тастыктады. Долбоордун алкагында өкмөт үч топко конкурс жарыялады. Ар бирине 9 млн фунт стерлингден бөлүнүп, 12 айдын ичинде алгачкы үлгүлөрдү жасап, сыноо учурууларын өткөрүү…

Кененирээк

Ак-Талаа районунда катуу суукка байланыштуу окуучулар аралыктан окууга өткөрүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда катуу суукка байланыштуу окуучулар аралыктан окууга өткөрүлдү. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, катуу суукка байланыштуу окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы билим берүү мекемелеринде окуу процесси убактылуу аралыктан уюштурулат. Мындай чечим 11-январда акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жетектеген ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган. Ошол эле учурда райондогу бала бакчалар…

Кененирээк

«Барселона» клубу «Реал Мадридди» утуп, 16-ирет Супер кубокко ээ болду

«Барселона» клубу Испаниянын Супер кубогун экинчи жолу катары менен жеңип алды.Турнир 8-12-январь аралыгында Сауд Арабияда өтүп, ага төрт клуб катышты. 12-январга караган түнү Жидда шаарында «Барселона» менен «Реал Мадриддин» финалдык оюну өттү. Анда “Барселона” 3:2 эсебинде жеңишке жетип, тарыхында 16-ирет Супер кубокту утуп алды. Голдор: Рафинья, 36-мүнөттө(1:0), Винисиус, 45+2 (1:1), Роберт Левандовски, 45+4 (2:1), Гонсало…

Кененирээк

Кийинки жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен каржы берүү токтойт

Кийинки жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен каржы берүү токтойт. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди. Президент быйыл МИКке акыркы жолу бюджеттен 500 млн доллар берилерин айтты. Анын айтымында, компания мындан ары өзүн-өзү каржылоого өтөт. Азыр компаниянын капиталы — 87 млрд сом. Мамлекет башчы ипотекалык батирлер 4-8% менен берилип жатканын айтып, бул өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинен да…

Кененирээк