Ички иштер министрлиги мессенджердеги жеке аккаунттардын коопсуздугу жөнүндө эскертет
Ички иштер министрлиги WhatsApp мессенджери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйгөнүн билдирди. Акыркы убактарда WhatsApp мессенджери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйүүдө. Шылуундар жарандардын WhatsApp аккаунттарын бузуп (взлом), алардын атынан туугандарына же тааныштарына жазып, белгилүү бир суммадагы акча каражатын шашылыш которуп турууну суранып, жалган билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат. Мындай аракеттердин натыйжасында жарандар алдамчылардын тузагына түшүп, акчалай чыгымга учурап калышууда. Мындай…

