Кыргызстандан кандай унаалар чыгары маалым болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» заводунун курулушу менен таанышты. Завод ишке кирсе, Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат. Өндүрүштүк кубаты жылына 10 миң автоунаага жетип, миңден ашык жумуш орун түзүлөт. Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга продукцияны сатууну колдоо программасын иштеп чыгып, заводдун тез арада ишке…

Кененирээк

Ишкер айымдарды колдоо аракети

Ош облусундагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракети башталды. Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы жана Ош облусундагы Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Программанын максаты — Ош облусундагы ишкер айымдарга финансылык эмес колдоо көрсөтүү аркылуу айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн…

Кененирээк

Нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү аракет

Министрлер кабинетинин төрагасы Чүй облусундагы «Джунда» мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда. Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда. Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк…

Кененирээк

Жол кыймылынын эрежесин бузгандар жазаланды

4 коомдук транспорттун айдоочусу иштен алынды. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда. Алсак, ишкананын ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 4 айдоочусу жумуштан четтетилип, 2 айдоочу 50% сый акысынан, 8 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды. Белгилей кетсек, ички комиссиянын жыйыны жума…

Кененирээк

Чек ара кызматы жаңы аскердик-техникалар менен камсыздалды

УКМКнын Чек ара кызматына жаңы аскердик-техникалык жабдыктар сатып алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы 18-мартта кабарлады. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнө барып, атайын техника алуу үчүн республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөнүн айтты. Аскердик-техникалар чек ара бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.

Кененирээк

В.Путин кайрадан президент болду

Бүгүн Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Садыр Жапаров Владимир Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Россия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча…

Кененирээк

“Жооптуу бол!” бир айлыктын жыйынтыгы чыкты

«Жооптуу бол!» аталышында республикалык бир айлыктын алкагында февраль айында республика боюнча 18 жаштан жогорку курактагы 680 миңден ашык эркектер жугуштуу эмес ооруларга алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына барышты. Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет….

Кененирээк

Кадыр түн качан болору маалым болду

Муфтияттын маалыматына караганда, Кыргызстанда Кадыр түн 6-апрелге караган түнү болот. Адатта Кадыр түн орозо башталгандан кийин жыйырма жетинчи түндө тосулат. Ал эми Орозо айт 10-апрелде белгиленмекчи.

Кененирээк

Кыргызстан менен Тажикстандын 10,76 чакырым тилкеси макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн. Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым….

Кененирээк

Кыргызстанда 12жылдык окуу системасы качан киргизилет?

Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына качан өтүшү анык эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалым болгондой 12 жылдык билим берүүгө мамлекет башчы макулдугун берген. Буга чейин мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт…

Кененирээк